• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2-апрелден 2-июлга чейин транспорттук каражаттарды кайра каттоо жеңилдетилген негизде жүрөт

Коом 0

Бишкек, 28.03.18. /Кабар/. 2018-жылдын 2-апрелинен 2-июлуна чейин транспорттук каражаттардын мамлекеттик кайра каттоосу жеңилдетилген негизде жүргүзүлөт. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

«Таза Коом» санариптик программасын жана “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу максатында транспорттук каражаттарды кайра каттоо үчүн шарттарды түзүү негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жеке жактардын транспорт каражаттарын жеңилдетилген негизде мамлекеттик кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүүсү тапшырылды.

Маалым болгондой, иш жүзүндө транспорттук каражаттарды сатууда, сатып алууда жана алмаштырууда көптөгөн жарандар жаңы ээсине каттабай, ишеним кат менен гана чектелишет. Муну менен транспорт каражаты ишеним катты берген жаранда расмий түрдө кала берет.

Статистика боюнча транспорт каражаттарын сатуу жана сатып алуудагы келишимдердин жарымынан көбү кызыктар жаранга мындан ары колдонуу жана сатып алуучудан акча каражатын алуу максатында ишеним кат берилип келет. Учурда сатуу жана сатып алуу келишиминин расмий каттоонун баасы ишеним катын берүүдөгү баадан бир нече ирет жогору.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында тийиштүү каттоосу жок, ишеним кат берүүнүн негизинде сатып алуу же сатуу келишим түзүлсө «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү менен жол кыймыл эрежелерин бузуудагы айыппулдар автотранспорттук каражаттын ээсинин атына келе баштайт.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык автосүйүүчүлөрдөн транспортту жеңилдетилген кайра каттоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, автоунаны өзүнө каттатып алууну суранат. Бул келечекте айыппулдарды алуудагы түшүнбөстүктөрдү алдын алууга жардам берет.

Ошол эле учурда мамлекеттик транспорттук каражаттарды кайра каттоодо алынуучу 0,1 пайыздык төлөмдөн бир катар автотранспорттук каражаттар бошотулат, толук маалымат менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын курамдык бөлүмдөрүнөн таанышууга болот.

Ошондой эле транспорттук каражаттарды мамлекеттик кайра каттоодо колдонулган мамлекеттик каттоо белгилеринин берилиши, алардын ордунда болсо, акысыз түрдө ишке ашырыларын белгилеп кетүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий