• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2-апрелге чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында 2-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ыдайык, эртең, 30-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 4-9 метрден,кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Эртең, 30-мартта борбор калаада абанын абанын температурасы күндүз 6...8 градус, түнкүсүн 14...16 градуска чейин жылуу болот. Ал эми 31-мартта күндүз абанын табы 20 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

31-мартта болсо түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-мартта күндүз жана 1-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-апрелде күндүз жана 2-апрелде түнкусүн тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

2-апрелде күндүз жана 3-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

31-марттан 3-апрелге чейин тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 4-5-апрелдерде туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бишкек шаарында 30-мартта абанын температурасы түнкүсүн 8...11, күндүз 15...17, 31-мартта түнкүсүн 4...6, күндүз 18...20 градус, 1-апрелде түнкүсүн 6...8, күндүз 13...15 градуска чейин жылуу болот.

Ош шаарында 30-мартта абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 14..16 градус болот. Ал эми 31-мартта түнкүсүн 7...9, күндүз 17...19 градус. 1-апрелде түнкүсүн 8...10 градс, күндүз 17...19 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий