• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.04.18./Кабар/. Эртең, 2-апрелде өлкө аймагында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 5...10,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Эртең, борбор калаабыз Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2...4, күндүз 13...15 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий