• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2-апрелге карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Эртең, 2-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17, Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында маал-маалы менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 13…15 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий