• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 29-июлдан 2-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 30-июлда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-июлда жана 31-июлда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 2-августта түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 1-2-августтарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

29-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

30-июлда жана 31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 31-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 1-2-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 31-июлда күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

30-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-июлда жана 31-июлда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-августта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

2-августта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 1-2-августтарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

29-июлда жана 30-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

30-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-июлда июлда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-июлда эртең менен жана күндүз жана 1-2-августтарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

29-июлда жана 30-июлда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 30-июлда күндүз жана 31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтулбөйт.

31-июлда күндүз жана 1-2-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

29-июлда жана 30-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 30-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-июлда жана 31-июлда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-2-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий