• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Эртең, 2-августта өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38 градус, Талас облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38 градуска чейин ысык болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында болсо күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 36…38 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий