• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. 28-ноябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

29-ноябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

1-декабрда жана 2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий