• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 29-январдан 2-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

29-31-январларда жана 1-2-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 30-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөт. 1-февралда күндүз жана 2-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт. 2-февралда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

29-31-январларда жана 1-2-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

29-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-февралда күндүз жана 2-февралда түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн. 2-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

29-31-январларда жана 1-2-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-январда жана 31-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-январда күндүз Баткен облусунунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 30-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-февралда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-февралда күндүз жана 2-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

29-31-январларда жана 2-февралда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

29-31-январларда жана 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда күндүз жана 2-февралда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

29-31-январларда жана 2-февралда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

28-31-январларда жана 1-февралда түнксүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда күндүз жана 2-февралда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

29-31-январларда жана 1-2-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 30-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-февралда күндүз жана 2-февралда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий