• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аба ырайы: туман түшүп, жолдор тайгак болот

Коом 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, 2-февралда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6, Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5. Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -7…-12.

Пикир

Оставить комментарий