• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2-июлда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 2-июлда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий