• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 29-майдан 2-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-30-майларда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-30-майларда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир тоо этектериде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлө, Чүй облусунун өрөөнүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

29-31-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

1-2-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

30-майда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райодорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

31-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Алай өрөөнүнүн чыгышында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

31-майда жана 1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-июнда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

2-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-31-майларда тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

29-майда жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.30-майда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 31-майда жана 1-2-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-майда күндүз жана 30-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

31-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-июнда күндүз жана 2-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий