• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2 кыз жандандыруу бөлүмүндө. Кадамжайда окуучулар жол кырсыгына кабылды

Кырсык 0

Бишкек, 05.06.23. /Аида Тургунбекова - Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, Өрүкзар айылындагы орто мектептин 9-класстарынын окуучулары кабылган жол кырсыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, жол кырсыгы 1-июнда катталган. Кырсыкка кабылган "Hyundai Porter" автоунаасынын ичинде "Өрүк-Зар" орто мектебинин 9-а-б-класстарынын окуучулары жана класс жетекчилери болгон.

"Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен биргеликте виньеткага сүрөткө түшүп, андан соң саат 18:30да Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасына барып сүрөткө түшөбүз деп, "Hyundai Porter" автоунаасына 25 окуучу чыккан. Автоунааны А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо автоунаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы. Окуучу кыздар 6-июнда томографиялык текшерүүдөн өтүшөт.

Учурда жол кырсыгына кабылган окуучулардын окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мектеп администрациясына жана класс жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий