• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2-майга чейин республика аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 28-30-апрелде жана 1-2-майда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-апрелде күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

29-30-апрелдерде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-майда күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтулбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

28-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. 29-30-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-2-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-апрелде күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 29-апрелде күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-майда күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-апрелде жана 1-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-майда күндүз жана 2-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

28-29-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. 30-апрелде жана 1-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаан, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-майда күндүз жана 2-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 29-30-апрелдерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде күндүз жана 30-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-майда күндүз жана 2-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт

Пикир

Оставить комментарий