• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 26-февралдан 2-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

26-28-февралдарда жана 1-2-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-февралда күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт .

28-февралда жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

26-28-февралдарда жана 1-2-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

26-28-февралдарда жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

26-28-февралдарда жана 1-2- марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

28-февралда жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

26-28-февралдарда жана 1-2- марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт.

27-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт.

28-февралда күндүз жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-28-февралдарда жана 1-2- марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

26-февралда кар жаашы күтүлөт. 27-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-февралда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. 28-февралда күндүз жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

26-28-февралдарда жана 1-2- марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий