• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. 2-3-марта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 3-мартта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5;

Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;

Баткен облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 суук, күндүз 3…5 болот.

Пикир

Оставить комментарий