• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2-мартта Кыргызстандын тштүгүндөгү шаарларга газ болбойт

Аймак 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 2-мартта Баткен облусунун Кадамжай шаарында эртең мененки саат 8 ден кечки саат 5 ке чейин жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, компания 2-мартта техникалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил (Октябрь) көчөлөрүнө саат 9 дан кечки саат 5 чейин газ берилбей турганын белгиледи.

“Газпром Кыргызстан” ЖЧК келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттерден кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий