• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2 миңден ашуун калктын аярлуу катмары үйүнөн чыкпай туруп паспортторун алышты

Коом 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын алдындагы Мобилдүү топтордун борбору бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 186 калктын аярлуу катмарына үйлөрүнө барып паспортторун тапшырган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

2016-жылдын башынан баштап 2018-жылдын июль айына чейин мобилдүү топтордун борбору 1994-жылдагы паспортторду жаңы ID-карталарга алмаштыруу боюнча 25 миң 848 чыгуу жасашкан.

2018-жылдын июль айынан тарта аталган борбордун географиялык аймагы бүткүл республикага кеңейип, мамлекеттик каттоо кызматына 16 автобус берилген.

Бүгүнкү күндө бардык мобилдүү калкты тейлөө борборлору облустарга бөлүнүп кызмат көрсөтүшүүдө. Аларда каттоо документтерин жана справкаларды даярдоо үчүн бардык техникалык жабдуулар бар.

Мобилдүү топтордун борбору Бишкекте 2016-жылдан бери иштейт. Анын максаты – калкты үйлөрүнө барып тейлөө: паспортту алуу же алмашууга документтерин жасап берүү, жаңы паспортторун тапшыруу.

Бул борборго Мамлекеттик каттоо кызматынын автоматташтырылган маалыматтык системасы – “даректик-билдирүү бюросунда“ каттоо дареги бар болгон Бишкек шаарынын четинде жашаган жарандар кайрыла алышат. Сурап-билүү үчүн телефон номерлери: 0 312 58 60 60, 119 (чалуу акысыз).

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, тылда эмгектенгендерге, балдар үйүндө тарбиялангандарга, жетимдерге, карылар үйүндө жашагандарга жана биринчи топтогу майыптарга бекер кызмат көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий