• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

2000 сомдук жаңы банкнот чыгарылды – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 14.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР Улуттук банкы 2017-жылдын 17-ноябрынан тарта жаңы 2000 сомдун банкнотту колдонууга чыгара баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында банктын Төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Банкнот Кыргызстандын эгемендигинин жана улуттук валютанын 25 жылдык мааракесине арналып чыгарылган.
“Дизайндын үстүндө көп убакыт иштедик, банктнот сиздерге жагат деп ишенебиз”,-деди Кулматов.

Улуттук банктын нак акча башкармалыгынын жетекчиси Медина Ашыралиева эстелик банкноттун дизайны тууралуу төмөнкүлөрдү айтып өттү.

“Негизги сюжет катары Манастын эстелиги колдонулду. Ал жерде эпостон алынган учкул сөздөр да бар. Ал эми акчанын башкы бетинде Умай эне белгиси бар”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий