• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Эртең, 2-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл, Талас, Нарын дубандарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3 градуска чейин үшүк жүрөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +13...+18, Талас облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +11...+16 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18, Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +11...+16 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +15...+20 градус жылуу болот.

Баткен облусунда болсо түнкүсүн +7...+12, күндүз +16...+21 градус болот.

Эртең борбор калаабыз түнкүсүн жамгыр жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +16...+18 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий