• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Эртең, 2-октябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана тоолуу аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25,

Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,

Эртең, 2-октябрда Бишкекте жаан-чачын кутүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 23...25 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий