• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2 томдук «Кыргызча-түркчө сөздүктүн» бет ачары өтөт

Коом 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин курулушунун жыйырма жылдык мааракесине карата университетибиздеги Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун долбоорунун алкагында аталган университеттин Гумантирадык факультетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары ф.и.д, проф. Экрем Арыкоглу, PhD, ага окутуучу Жылдыз Алимова, ага окутуучу Рахат Аскарова жана PhD, окутуучу Билге Каган Селчук тарабынан түзүлгөн «Кыргызча-түркчө сөздүк» жарык көрдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

2000 беттен ашык көлөмдө 74 000 (жетимиш миӊден ашык) сөздү камтыган бул сөздүк буга чейин бул багытта жасалган башка эмгектердин арасынан эң көлөмдүүсү болуп эсептелет. Сөздүктү түзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында түзүлүп, элүү миңден ашык сөз камтылган «Кыргыз тилинин сөздүгү» негизги булак болду. Ал эми толуктоо катары киргизилген сөздөр Х. Карасаевдин сексен миңге жакын сөздү камтыган «Орфографиялык сөздүгүнөн» алынып, алардын маанилери жазылды.

Маалыматка ылайык, сөздүктү түзүүгө Б.Шаршембаев тарабынан даярдалган жана «Манас» эпосу баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнөн тартып, заманбап адабий чыгармаларга чейин киргизилип, миллиондон ашуун сөздөн турган корпус колдонулду.

Аталган корпуста сөздөр алфавит боюнча жайгаштырылып, ар бир сөз мисалдары менен бирге берилген. Корпус «Кыргыз тилинин сөздүгүндө» кездешпеген сөздөрдү табууга, сөздөрдүн сөздүктөгү маанилерин толуктоого жана ар бир сөз үчүн мисалдарды табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Айрыкча сөздүк түзүү учурунда Түркиянын Түрк тили куруму тарабынан түзүлгөн «Түрк тилинин түшүндүрмө сөздүгү» да таяныч материал катары колдонулду. Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн маанилери «Түрк тилинин түшүндүрмө сөздүгүндөгү» сөздөр менен салыштырылып толукталды. Натыйжада кыргыз тилиндеги сөздөрдүн буга чейинки сөздүктөрдө берилбеген маанилери кошумчаланып жазылды. Мындан улам, бул сөздүк кыргыз тилиндеги сөздөрдүн маанилеринин мүмкүн болушунча толук берилиши менен да айырмаланат.

Мындан улам, бул сөздүк көлөмү жагынан болсун, сөздүк статьяларынын мазмуну жагынан болсун, мындан кийинки түзүлө турган кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнө да олуттуу негиз жана үлгү боло алат деген ойдобуз.

Жогоруда сөз болгон сөздүктүн ачылыш аземи Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ч.Айтматов атындагы кампусунда 2017-жылдын 30-ноябрында саат 15:00дө өткөрүлмөкчү. Иш-чарага Бишкектеги элчиликтердин, илимдер академиясынын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү чакырылды.

Дареги: Жал кичирайону, Ч.Айтматов кампусу, Экономика жана башкаруу факультети, К.Тыныстанов атындагы жыйындар залы

Пикир

Оставить комментарий