• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2 жылдан бери буту баспай калган 1-топтогу майып Үмүт Абдыкеримова элинен жардам сурайт

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. 1-топтогу майып, 60 жаштагы Үмүт Абдыкеримова кайдыгер карабаган мекендештеринен жардам сурайт.

Анын айтымында, дарыгерлер ага макрогематура менен татаалдашкан интерститциалдык цистит, табарсыктын тампонадасы, оң жыныстык бездин серондук шишиги, 4-баскычтагы ремотоиддик артрит диагноздорун коюшкан. Оорусунун айынан 2 жылдан бери буту баспай коляскада отурат. 5 миң сом өлчөмүндө пенсия алгандыктан, дарысына каражаты жетпейт.

“Бутум баспагандыктан, иштей албай, өзүмдү өзүм багалбай отурам. 3 баласы бар кызым колунан келишинче багып жатат. Үйүм жок, батирден батирге көчүп жүрөбүз. Дарынын баасы 6 миң сом, аны бир айда бир жолу алып турушум керек. Табарсыгымда труба бар”, - деди ал.

Үмүт Абдыкеримовага жардам берүүнү каалагандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышка чыкса болот:

Элсом номери: +996 708 73 55 88

Байланыш номери: +996 709 86 93 36 - Үмүт Абдыкеримова

Пикир

Оставить комментарий