• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2 жылдын ичинде 85 миңден ашун кыргызстандыктын мүлкү камсыздандырылды

Экономика 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. 2 жылдын ичинде 85 миңден ашун кыргызстандыктар өз мүлктөрүн камсыздашты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Милдеттүү камсыздандырууну өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бурул Калматова билдирди.

“Облустук борборлордо биздин 7 кеңсебиз бар. Жумуштун биринчи жылы 2016-жылда юридикалык жактар менен келишим түзүлгөн: банк, кыргызпочтасы. Себеби дегенде алардын жеринде 920дан ашун бөлүмдөрү бар. Ал эми 2017-жылдын аягынан бери камсыздандыруу агенттеринин тармагын кеңейте баштадык”,-деп билдирди Калматова.

Алсак, бүгүнкү күндө аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана райондук борборлордун агенттерин кошкондо 470ден ашун адам иштейт. Алар калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келишим түзүшөт.

“2016-жылы 10 миң 800 келишим түзүлгөн, 2017-жылда болсо – 65 миң 524, 2018-жылда – 35 миңден ашун келишим бар”, - деп кошумчалады ал.

Бурул Калматова билдиргендей, бардыгы болуп Кыргызстанда эки жылдын ичинде 85 миңден ашун келишим түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий