• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2.02.2020. Кытайда үндөш угулган датада түгөйлөр үчүн үлпөт той өткөрбөө сунушталды

Дүйнө 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кытай бийлиги өлкөдө жайылып жаткан коронавируска байланыштуу 2-февраль күнү никеге турууну каалаган жарандарды андан баш тартууну сунуштоодо. Бул тууралуу КЭРдин жарандык администрация министрлиги билдиргенин РИА Новости агенттиги жазат.

Агенттик жазгандай, Кытайда көптөгөн жуптар 2.02.2020 күнү никеге турууну ойлоп жатышкан. Себеби, ал сандардын катар турушу "сени сүйөм, сени сүйөм" деген сөз менен үндөш угулат.

Башында өлкөнүн көп аймактарында 2-февраль жекшемби, дем алыш күнүнө туура келгенине карабастан "сүйүү үчүн" деп никени каттоо алууга макулдук берген.

Мындан мурдараак Хубэй провинциясында 2-февралда никени каттоо жүргүзүүгө расмий түрдө тыюу салынган.

Учурда жарандарга жумушчу күндөрү эл көп чогулган салтанаттуу иш-чаралардан алыс болуп, аны менен бирге үйлөнүү тойдо үлпөт өткөрбөй туруу сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий