• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

20-24-декабрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 20нан 24-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн, 20-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-декабрда күндүзжана 22-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү кутулөт.Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

23-24-декабрларда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот.

Пикир

Оставить комментарий