• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

20-24-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. 20-декабрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

20-декабрда күндүз, 21-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

21-декабрда күндүз жана 22-23-декабрларда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

24-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий