• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

20-24-июлга күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. 20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, 21-июлда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

22-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 22-июлда күндүз жана 23-июлда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

25-26-июлда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий