• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

20-26-мартта Кыргызстанда 2159 кылмыш жана кырсык катталган

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. 20-26-мартта КР ички иштер органдары тарабынан 2159 кылмыш жана кырсык катталган. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, өткөн жумада 20-26-мартта, ИИМ Ыкчам жооп кайтаруу борборунун ыкчам маалыматтары боюнча, республикада КР ички иштер органдары тарабынан 2159 кылмыш жана кырсык катталган. Алардын 1777си жеке мүнөздө. Кылмыш издөө багытында катталган 567 кылмыштын 355нин бети ачылган, 91и изи сууй электе аныкталган. Мындан тышкары, буга чейин жасалган 172 кылмыштын бети ачылган.

Ошентип, өткөн жумада 1 адам өлтүрүү, 28 тоноо, 1 каракчылык, 2 денеге оор залал келтирүү фактысы, 13 зордуктоо, 215 алдамчылык, 89 уурулук, 5 мал уурдоо, 2 унаа айдап качуу фактысы ачылган. Баңгизаттарын мыйзамсыз айлантуу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан 25 кг 682 г баңги заты табылган.

Пикир

Оставить комментарий