• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

20-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 16-20-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустары

16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-апрелде тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-20-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-апрелде тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-апрелдерде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз жана 17-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-20-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз жана 17-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-19-апрелдерде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бишкек шаары

16-апрелде түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз жана 17-20-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий