• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

20-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Эртең, 20-апрелде өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-1, күндүз 16...21;

Талас облусунда түнкүсүн 0...-1, күндүз 16...21;

Баткенде, Ошто жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-2, күндүз 8...13;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-2, күндүз 8...13 градуска чейин жогорулайт.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкүсүн температурасы 0...-2°, күндүз 18…20° градус болот.

Пикир

Оставить комментарий