• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

20-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Эртең, 20-апрелде өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18, Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20, Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20 градуска чейин жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 8…13 күндүз 18…23 градус.

Эртең, 20-апрелде Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 15…17 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий