• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

20-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Эртең, 20-декабрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус суук болушу ыктымал.

Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -0…-5, күндүз 4…9 градус болот.

Баткен облусунда болсо абанын температурасы түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градс, күндүз 5…7 градус болору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий