• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

20-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Эртең, 20-декабрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында бороон болушу мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Жолдор жайгак жана тоңголок тболот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5,

Талас облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6,

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7,

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…-3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий