• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

20-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 16-февралдан 20-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

16-20-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

16-19-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 18-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

16-20-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

16-19-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 18-февралда 14 метрге жетиши күтүлөт.

20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-20-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

16-19-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 18-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жааашы күтүлөт, Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

16-20-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

16-20-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

16-20-февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

16-20-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-20-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

16-19-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 18-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий