• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы: 49 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. 2019-жылдын 20-февралына карата 49 миң 823 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинен 9 миң 169 юридикалык жак, 25 миң 732 жеке ишкер, 4 миң 387 жеке жак, 5 миң 860 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 4 миң 675 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий