• 86.25
  • 94.05
  • 1.23

20-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

500 кароо Коом 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Эртең, 20-февралда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8 градус, Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5 градус суук болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болсо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Эртең, 20-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 6...8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий