• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

20-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.01.18. /Кабар/. 20-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, Чуй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 20-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,

Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -4..1 градус, күндүз 3...8 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облустунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз 2...-7 градус суук болот.

Бишкек шаарында жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5 градус суук, күндүз 5...7 градуска жылыйт.

Пикир

Оставить комментарий