• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

20-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 20-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл облусунда -3...+2, Нарын облусунда -5...-10 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын күндүзгү температурасы -1... +1 градус болору күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий