• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

20-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 16-июлдан 20-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

16-17-июлдарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

18-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

16-июлда жана 17-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 17-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 18-20-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

16-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

17-июлда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жана Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-июлда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жана Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

16-17-июлдарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

18-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-20-июлдарда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

16-17-июлдарда жана 18-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 18-июлда күндүз жана 19-20-июлдарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

16-17-июлдарда жана 18-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

18-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-20-июлдарда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий