• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

20-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 16-июндан 20-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

16-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-июнда күндүз жана 18-июнда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-июнда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-17-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-июнда Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 20-июнда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

16-июнда жана 17-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 17-июнда күндүз жана 18-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 18-июнда күндүз жана 19-20-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-июнда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

16-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 16-июнда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт .

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-17-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

16-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-июнда күндүз, 18-июнда жана 19-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-18-июндарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

19-июнда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 20-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-18-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

16-июнда жана 17-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 17-июнда күндүз жана 18-19-июндарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-июнда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

16-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-июнда күндүз, 18-июнда жана 19-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-июнда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-18-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий