• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

20-майда Чүй проспектиси убактылуу жабылат — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. 20-майда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Чүй проспектисинин Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки түштүк тарабы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол суу түтүктөрүндөгү аварияны жоюу болгон жерге асфальт-бетон төшөлмөсүн кайра төшөө иштерине байланыштуу жабылат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий