• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

20 миңден ашуун кыргызстандык Россиянын “кара тизмесинен” чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын “кара тизмесине” кирген Кыргыз жарандарына карата миграциялык амнистия андан 20 миң адамды чыгарат.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов ведомстводо өткөн брифингдин жүрүшүндө бүгүнкү күндө Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө КРнын 71 миң жаранына тыюу салынганын билдирди. Алардын ичинен 50 миңи соттун чечими боюнча “кара тизмеге” кирген. Буга байланыштуу алардын миграциялык амнистиянын мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга укугу жок.

Эске салсак, буга чейин КРнын Россиядагы элчилиги 1-ноябрдан баштап россиялык кызматтар эки категория боюнча эреже бузгандыгы үчүн “кара тизмеге” кирген мигранттарды андан чыгарарын билдирген.

Дипломатиялык ведомствонун маалыматына караганда, “кара тизмеден” төмөнкү жарандар чыгарылат:

- Бирден көп жолу административдик жоопкерчиликке тартылган жарандар;

- Буга чейин Россияда жүргөн учурда өлкөдө жүрүү мөөнөтү бүтсө дагы 30 күндүн ичинде РФдан чыкпай жүрө берген жарандар;

“Жогоруда көрсөтүлгөн пункттар боюнча Россияга кирүүгө тыюу салынган жарандар 2018-жылдын 1-ноябрынан тарта алдын ала РФнын ИИМнин сайтындагы маалымат базасы боюнча онлайн режимде өзүн текшерип, андан кийин Россиянын аймагына кирсе болот”, - деп билдиришти элчиликтен.

Андан тышкары Россиянын миграциялык мыйзамын бузган жана РФнын аймагында мыйзамсыз жүрүүнү уланткан КР жарандарына 16-октябрдан 10-декабрга чейин административдик жоопкерчиликке тартылбастан, “кара тизмеге” киргизилбестен Россиядан сыртка чыгып, кайра кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Россия тараптын жогорудагы чечими КРнын төмөнкү жарандарына тиешеси жок:

- Россиянын сот органдарынын чечими менен “кара тизмеге” киргендер. Анын ичинде РФнын ага карата көзөмөлдөнгөн өз алдынча чыгып кетүү жолу менен чечими чыккан (соттун чечимин аткарбай, РФнын аймагынан чыкпагандар).

- Издөөдө жүргөн жарандар;

- Россиянын аймагына кирүү РФнын федералдык мыйзамынын (РФдан чыгуу жана кирүү тартиби тууралуу) 27-беренесине ылайык тыюу салынган кыргыз жарандары;

Элчилик айрым категориядагы КР жарандарын РФнын “кара тизмесинен” чыгаруу тууралуу жеңилдиктер эки өлкө башчыларынын деңгээлинде жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жетишилгенин билдирди.

Бирок 2015-жылы элчиликтен кошумчалашкандай, КРнын жарандары мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланышкан. Буга байланыштуу элчилик бул маалыматты туугандарына, досторуна жана тааныштарына таратуусун жарандардан суранат.

Пикир

Оставить комментарий