• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

20 миңден ашык алайлыктар Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөтүштү!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого 20 миңден ашык шайлоочу келишти. Талапкер менен болгон жолугушууда колдоо сөздөрүн жергиликтүү жашоочулар, райондун кадыр-барктуу аксакалдары, Алымбек датканын урпагы Турсунай Өмүрзакова, Алай жаштарынын атынан Бекмырза Эргешов, парламенттин азыркы жана мурдагы алайлык депутаттары билдиришти.

Райондун кадыр-барктуу аксакалдары Алай - даткалар чыккан жер – Сооронбай Жээнбековду өз уулундай көрүп, ак батасын берерин айтышты. «Жетекчилик кызматтарда канча жүрсө да, «жеп алыптыр, тартып алыптыр» дегендей артынан жаман сөз ээрчиген жок. Алай эң таза жана чынчыл талапкер – Сооронбай Жээнбековду шайлайт!», - деп билдиришти аксакалдар. Сооронбай Жээнбеков өз кезегинде азыркы бийлик саясий эрктүүлүк көрсөтүп, таза шайлоону камсыздай алган системаны киргизгенин айтты. «Бирок добуштарды сатып алуу сыяктуу көрүнүш пайда болду. Бирөөнүн акчасына, бирөөнүн куру убадасына алданбайлы. Балдарыбыздын ырыскысын акчага сатпайлы!», - деп чакырып өттү Сооронбай Жээнбеков.

«Кудайым буюруп, сиздер мага ишенип, Президенттикке шайласаңар, бүт күчүмдү, акылымды өлкөмө, элиме арнайм. Буга тажрыйбам да, билимим да, дараметим да, намысым да жетет! Мен силердин кишиңермин, силердин бириңермин, мен элден чыккам, ошондуктан элдик президент болом. Мен ушуга чейин таза келдим, Кудай алдына да таза барайын деген адаммын», - деп сөзүн жыйынтыктады талапкер.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 19.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий