• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

20 миң сом: Студентинен пара алып жаткан экинчи мугалим кармалды (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин мугалими пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЭККМКна аталган окуу жайдын студенти кайрылып, мугалим дипломдук ишин даярдоо үчүн 20 миң сом талап кылгандыгын билдирген.

Ыкчам-издөө иш-аракетинин жүрүшүндө, окуу жайдын имаратында акча алып жаткан жеринен кафедра жетекчиси Д.К., аттуу жаран кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Финансы полициясы студенттерге (бардык окугандарга) шектүү сунуштарга макул болбой, аталган жагдайда төмөнкү номерлерге чалып, кабарлоону сунуштайт: 195 – ишеним телефону, 0312 323091, 0312 323707 – нөөмөт бөлүмү.

Белгилей кетсек, учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына мындай фактылар боюнча көптөгөн билдирүүлөр келип түшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий