• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

20-октябрь агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамы катары жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. 20-октябрь Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү, жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрамы катары жарыяланды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган чечим Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү ролун эске алуу менен кабыл алынган.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 13-ноябрындагы № 751 «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылды.

Белгилесек, буга дейре Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамы жыл сайын 15-ноябрда белгиленип келген.

Майрам күнүн 15-ноябрдан 20-октябрга которуу өлкөнүн түштүк аймагында (пахта териминен тышкары) жана Талас, Чүй облустарында (кант кызылчасынан тышкары) жыйым-терим кампаниясы жана күзгү-талаа иштери 1-октябрга чейин, ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарныда 1-ноябрга чейин дээрлик жыйынтыкталаарына байланыштуу.

Мындан тышкары, октябрь айы төмөн баадагы айыл чарба продукциясын сунуштоочу жарманкелерди, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн заманбап айыл чарба техникасын жана жаңы технологиялар көргөзмөлөрүн уюштуруу үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу мезгил болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий