• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

20-октябрдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын жашы жете элек жарандары кыргыз-казак чек арасынан паспорт менен гана өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. 20-октябрдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын жашы жете элек жарандары кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен паспорт менен гана өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"2012-жылдын 11-майындагы Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы "Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында жана Казакстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби" жөнүндөгү макулдашуусуна 2020-жылдын 18-августунда протокол менен киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу 2020-жылдын 20-октябрынан баштап Кыргызстандын жана Казакстандын жашы жете элек жарандары мамлекеттик чек арадан паспорттор менен гана өткөрүлө тургандыгын маалымдайт. Ага байланыштуу Кыргызстандын жана Казакстандын жашы жете элек жарандарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документ болуп эсептелбейт, ага Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аба каттамы да кирет", - деп билдирет Чек ара кызматы.

Ошол эле учурда эки өлкөнүн 16 жашка чыга элек жана паспорту жок жашы жете элек жарандары буга чейин өлкөсүнөн чыгып кеткен болсо, мекенине кайтып келе жатканда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүп, чек арадан өтө алышат.

Пикир

Оставить комментарий