• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

20-октябрга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 16-октябрда жана 17-октябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

17-октябрда күндүз Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

18-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 18-октябрда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

19-октябрда жана 20-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-октябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми 21-22-октябрь күндөрү кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий