• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

20-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 20-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 20-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Талас облусунда +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын облустарында +14…+19 градус болот.

Бишкекте абанын температурасы +19…+21 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий