• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

20 пилоттук мектептин жетекчилери жана мугалимдери үчүн окутуу семинарлары өткөрүлүүдө

Билим 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. 2021-жылдын 10-январынан 12-январына чейин КРнын Билим берүү жана илим министрлиги Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жалпы билим берүү уюмдарында коштоп жүрүүнү уюштуруу жөнүндөгү жобонун долбоорун апробациядан өткөрүү пландалып жаткан 20 пилоттук жалпы билим берүү уюмунун директорлорунун орун басарлары, социалдык педагогдору жана башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн окутуу семинарларын өткөрүп жатат.

Бул иш-чарада семинардын катышуучулары мектепте коштоп жүрүүнү уюштуруу, документтерди жүргүзүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу менен байланышкан башка маселелер боюнча окуудан өтүшөт.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча пилоттук мектептерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана билим берүү программасын өздөштүрүүдө жана чөйрөдө социалдык ыңгайлашууда жарым-жартылай жардамга муктаждар үчүн атайын окутулган коштоп жүрүүчү адам сыяктуу “мугалимдин жардамчысы” кызмат орду киргизилет.

Ошондой эле семинардын катышуучулары ден соолугуна байланыштуу атайын билим алууга муктаж болгон балдар үчүн жекече окуу планын түзүү боюнча окуудан өтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий