• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

20-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 21-24-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордогу жайлоолордо жаан карга айланышы жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө 16…21°, Талас өрөөнүндө 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 11…16°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Эртең, 20-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27;

Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25;

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 26...28 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий